Ырчы Салима Балтаева курбусу Ырыс Жоомартованы эскерди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Салима Балтаева курбусу белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартованы эскерди.

«Жазганга колум барбай, кош дегенге оозум барбай турам, курбум. Кечээтен бери ыйлагандан майнап таппай, сенин эми жок экениңе ишенгим келбей, укканым жалган болуп калса деп үмүт кылдым. Кудайдын буйругу экен жума жана арапа күнү бул дүйнө менен кош айтышып кете бердиң. Эртең Орозонун ыйык күнүндө жерге берилгени турасың. Арман ай, жаркырап жашап жүрө берсең болбойт беле. Бейиштик бол», — деп жазды ал.

Белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматка ылайык, актриса акыркы күндөрү ооруп жүргөн.

SEREP MEDIA маалымат агенттигинин эмгек жамааты актрисанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.