Ырчы Самара Каримованын кызматка чуулуу кайтып баруусу боюнча соттук иш уланарын министр билдирди

Ырчы Самара Каримованын кызматка кайтуусуна байланыштуу чуулуу окуя боюнча бүгүн, 16-январда социалдык тармактарга соттун чечиминин көчүрмөсү тарап кетти. Анда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти эмес, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү сотко кайрылганы жазылат. Министрликтин өкүлү судьядан ырчыны кызматтан бошотуу тууралуу буйрукту мыйзамсыз деп таанууну жана кызматка кайра келүүсүн канааттандырууну сураган.

Бул боюнча Маданият министри Нуржигит Кадырбековго кайрылганыбызда ал бул соттук иш уланарын айтты. Биз юристтер менен мыйзамсыз фактыларды таап чыктык. Каримова министрликтин үстүнөн 2 жыл убакыт өткөндөн кийин арыз жазган. Ушул жагдайлардан улам кечээ, 15-январда Маданият министрлиги Самара Каримованын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимине апелляция берди. Эми чынын айтканда ошол кызматка барууга ырчы өзү татыктуу эмес, — дейт Кадырбеков.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова социалдык тармактагы баракчасына бул окуя боюнча өз пикирин жазды. «Самара Каримовага эч кандай каршылыгым жок, бирок соттордун ишине үн катпай коё алган жокмун. Мыйзамга ылайык, кызматкер иштен бошотулушу тууралуу талаш боюнча сотко буйрук менен таанышкан соң 2 айдын ичинде гана кайрыла алат. Каримова 2018-жылдын 1-декабрында кызматтан алынган, ал эми сотко арадан эки жыл өткөн соң, 2020-жылдын декабрь айында кайрылып жатат.  Биринчи Май райондук сотунун судьясы иштин мөөнөтү эскирип кеткендигин билбейт окшойт», — деп жазган Клара Сооронкулова.

2018-жылы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, бирок 3 күндөн кийин ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен кызматтан алынган. Буга байланыштуу ырчы аталган министрликти «менин кызматка дайындалгандыгым тууралуу буйрукту мыйзамсыз жокко чыгарган» деген негизде сотко берип, жеңип алганын айтып чыккан. Ырчынын аталган окуу жайды жетектөөгө кайтып баруусу жамаат тарабынан да нааразычылыктарды жаратканы маалым.