Ырчы Самат Долотбаков колун сындырганын айтып, тамадаларга кайрылды

Ырчы Самат Долотбаков 17 күн социалдык тармактарга кирбегенин айтып, Жаңы жылга аз калганда кырсык болгонун жазды.

«Жаңы жылга аз калганда ата-энебиз менен Ысык-Көлдөгү ресторанда болчубуз. 31-декабрь саат 22:30. Тамада оюн уюштуруп жаткан. Биз, кеченин коноктору, болжол менен 50-60 киши салют күтүп жатканбыз. Алып баруучу кол күрөш сынагын уюштуруп, катышуучуларды чакырды. Буга чейин мындай конкурстарга катышкан эмесмин, бирок чыктым. Эки кишини жеңдим, оң колум чарчап калды. Алдыда дагы бир «күрөш» бар болчу. Ошентип, бир-эки мүнөттүк тынымсыз күрөштөн кийин, мен кызыктай кычыраган үндү угуп, оң колумдун карама-каршы тарапка ийилгенин көрдүм. Сол колум менен оң колумду кармап, эч нерсе сезген жомун. Ошондо олуттуу нерсе болгонун сездим. Жарым сааттан кийин Чолпон-Атадагы ооруканада болуп, оору басаңдатуучу дары алып, биринчи жардам көрсөтүштү. Эки сааттан кийин жубайым экөөбүз Бишкекке жөнөдүк. Шаардагы 4-ооруканага келдик. 8 күндөн кийин операция жасашты. Бүгүн операциядан кийин 11 күн өттү. Баары жакшы. Кудайга шүгүр. Бирок кадимки жашоо образга 3-4 айдан кийин гана кайта алат экем. А бир жылдан кийин кайра операция жасатып, титан пластинаны алыш керек дешти. Мен муну мага боору оорусун деп айткан жокмун. Жөн гана алдын ала кеңеш берип жатам. Мындай конкурстарга катышпаңыздар. Тамадаларга да кайрылып кетким келет. Бул өтө эле коркунучтуу оюн, ошол үчүн муну уюштурбаңыздар. Ооруканада жатып, мендей болуп кайрылган ага-эжелер бар экенин уктум. Мендейлер көп экен»,- деп жазды ал.