Үсөнбаев: «Вакцинаны ушул жылдын июль айына чейин алып калышыбыз ыктымал»

Буга чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин сөзүнө таянуу менен Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы вакцина келгенин маалым кылганбыз. Кийин саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы маалыматка тактоо киргизип, вакцина эмес, вакцинанын документтери келип түшкөнүн билдиришти. Мамлекет 8 түрдүү эмдөөнүн документтерин карап чыгып, анын ичинен бирине токтолот.

“Документтердин топтому биринчи болуп АКШнын Pfizer компаниясынан келип түштү. Менчик борборлор да вакцина сатып алганы жатышат. Ар бир жаран белгилүү бир сумманын негизинде коронавирустан каршы эмдөө алууга мүмкүнчүлүгү болот. Вакцинаны июль айына чейин алып калышыбыз ыктымал”, — деди Үсөнбаев.

Өлкөдө өткөн жылдын март айынан бери 82 миңден ашуун адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Анын ичинен 1374 бейтап оорудан айыга албай каза болду.