Июль айынын башында сабизге болгон баанын төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул жылы сабиз айдоо жерлери былтыркыга караганда көбөйтүлгөн. “Түшүмдүүлүк дагы жакшы болот деп жатабыз. Июль айынын башында сабиз, картошканын түшүмүн жыйноо башталат. Ошол учурда сабиз жана азыркы убакытта кымбаттап кеткен айрым продукцияларга болгон баа төмөндөйт деп күтүүдөбүз. Башкача айтканда, баалардын тез көтөрүлүп кеткени мезгилдик гана көрүнүш”, — дейт ал.