«Ысык +42 градуска жетет». Эртең, 22-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

22-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19…+23, күндүз +36…+41,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +37…+42,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +31…+36,

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +38…+40 градус болот.