Ысык-Атада 17 жаштагы окуучу бакка асынган абалда табылды

8-мартта милицияга 2005-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денеси үйдүн короосундагы бакта асылган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ысык-ата райондук милициясынан билдиришти.

Жансыз дене табылган жерге барган милиция кызматкерлери баланын сөөгүн кароодо кандайдыр бир денесинен зомбулуктун белгилерин табышкан эмес. Ошондой эле, баланын өзүнүн смартфонунда видео кайрылуу иретинде акыркы кат калтырганы аныкталган. Анда ал туугандары менен коштошуп, алардан кечирим сураган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык шарттары аныкталууда. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.