Ысык-Атада 19 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

Ысык-Атада 19 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 11-январда катталган. Келин мындан 5 күн мурда көз жарган. «Окуя боюнча комиссия түзүлдү. Анын жыйынтыгы менен маалымат берилет»,- дешти.