Ысык-Атада дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Канттын талаасынан табылды

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон баланы милиция кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

10-май күнү Ысык-Ата РИИБuе арыз менен Кант шаарынын тургуну 1987-жылы туулган жаран кайрылып, 29-апрель күнү саат 22:00дө 2006-жылы туулган баласы үйдөн чыгып кетип жок болуп жатканын билдирип, издеп таап берүүсүн өтүнүп кайрылган. Аталган факты Ысык-Ата РИИБте катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Ысык-Ата РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекторлорунун изилдөө иш-аракеттеринин натыйжасында 2006-жылы туулган өспүрүм Кант шаарынын талаасынан таап, ата-энесине өткөрүлүп берилди.