Ысык-Атада төрөлгөн «баатыр» ымыркайдан кабар алышты (сүрөт)

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүмира Кыштобаева, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө жарыкка келген 6,5 килогармм салмактагы наристе жана анын энесинин абалы менен таанышышты.

Ак-Кудук айыл аймагынын Хунчи айылынын тургуну, 38 жаштагы Замира Лурова 3-январда 6 килограмм 555 грамм наристени жарыкка алып келген. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

Чүй облусунда 2024-жылдын 1-январынан 5-январына чейин 204 бала төрөлгөн.