Ысык-Атада УКМКнын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 24-августта Чүй облусу боюнча УКМКнын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Азем УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өттү. Жаңы имарат кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү шарттар менен толук камсыздалып жана бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Камчыбек Ташиев куттуктап, УКМКнын кызматкерлерине мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзө берерин белгиледи.