Ысык-Көлдүн Кош-Дөбө айылында сел өтүүчү канал тазаланууда

Ысык-Көлдүн Кош-Дөбө айылында сел өтүүчү канал тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Бакытбек Казакбаев билдирди.

Түп районунун Арал айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы​ 420 метр сел өтүүчү каналдын нугун тереңдетип казуу иштери​ жүргүзүлүүдө. Аталган тилкеде​ жаз-жай мезгилинде жана жаан-чачын нормадан ашык жааган учурда, каналда​ суунун деңгээли көтөрүлүп,​ нугунан ашып айыл тургундарынын турак-жайларын, чарбактарын суу каптоо коркунучу жаралып жаткандыгы аныкталган. Жумуштар аяктаганда суу каптоо коркунучунунан 5 турак үй корголот” ,- деди ал.

Министрликтин Өзгөчө кырдалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинен бир даана эксковатор тартылган.