Бүгүн, 21-март күнү Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Нооруз майрамы белгиленди.
Майрамдык иш чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Каракол шаар жетекчилиги, Каракол шаары менен кызматташып келген Түркиянын Учкисар шаар жетекчилиги жана облустун тургундары катышышты.