Ысык-Көлдө 16 жаштагы жигит көлгө чөгүп кеткен. Сөөгү бүгүн табылды (сүрөт)

ӨКМге 13-июль күнү саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылынын пляжында 2005-жылы туулган жигит көлгө чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 19:30да карангы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.

Бүгүн 14-июль күнү куткаруучулар тараптан маркумдун жансыз денесин саат 12:03тө суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.