Ысык-Көлдө 2 оорукананын курулуш иштери башталды

Ысык-Көлдө 2 оорукананын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ооруканалардын курулуш иштерине 34 миллион сом кетет жана бул сумма толугу менен «Ас-Сафа борбору» эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланат.

«Санташ айылында Жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борборунун жалпы аянты 702 м2 болгон эки кабаттуу имаратында 16 керебеттүү стационардык бөлүм жана ҮДТ бар. Курулуш иштери аяктагандан кийин ассоциация зарыл болгон эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу инвентарларды алып келет. Кутургу айылындагы ҮДТ имаратынын жалпы аянты 280 м2 болуп, 20 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме керектүү медициналык шаймандарды, гинекологиялык креслону, стоматологиялык аппаратты жана керектүү эмеректерди алып келет. Имараттардын курулушу 2021-жылдын декабрь айында бүтөт деп болжолдонууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Баткен районунун Кулунду айылындагы жалпы аянты 510 м2 болгон эки кабаттуу оорукананын курулуш иштерин баштоо пландалууда.