21-июль күнү Ысык-Көл РИИБ боюнча жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысы Нурбек Абдрахманов Сары-Ой айылында кызмат өтөп жаткан учурда, ага жарандар кайрылып, жолдун боюна белгисиз адамдар коробканын ичине 6 күчүктү таштап кеткендигин билдиришкен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Көрсөтүлгөн жерге барган тартип сакчысы аба ырайынын ысыгынан күчүктөр суу жок кыйналып жатканын көргөн. «Милиция кызматкер ташталган күчүктөрдү коробка менен кызматтык унаасына салып, жаныбарларга мээрими бар адамдарды айылдан издей баштаган. Аларды таап өткөрүп берген»,- деп айтылат маалыматта.