Ысык-Көлдө 6,6 килограмм салмакта ымыркай төрөлдү

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында кечээ, 14-январь күнү салмагы 6,6 килограммга жеткен уул бала төрөлдү. Бул тууралуу Каракол үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.

Маалым болгондой, ал 38 жаштагы келиндин бешинчи баласы. Ымыркай кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы.