«Ысык-Көлдө адам сөөктөрү табылды» деген видео боюнча милиция маалымат берди

Социалдык тармактарда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы көл жээгинде адам сөөктөрү табылганы тууралуу видео тарап жатат.

Адам сөөктөрү 17-мартта «Фонтан» пансионатына жакын жерден табылган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда төмөнкүдөй маалымат берди.

«17-март күнү Ысык-Көл РИИБге Чолпон-Ата шаарынын тургунунан телефон чалуу түшкөн. Телефон чалган адам ишембилик учурунда Кара-Ой айылында жайгашкан эс алуу үйүнүн жанынан көл жээгинде илгерки адамдын сөөктөрү табылганын билдирген. Бул факты Ысык-Көл ОИИБге катталып, табылган жерин тактоо иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.