Соцтармактын колдонуучусу Ысык-Көлгө жол тартып, трагедиялуу окуяга кабылып кала жаздаганын жазды.
Автордун билдирүүсү боюнча, унаалар катуу жүргөн чоң жолдон аны инспектор токтоткон. «Ылдамдыкты ашырып жибердим го» деп ойлогон айдоочу адегенде инспекторду эле көргөн, андан кийин гана жолдогу мотурайган бөбөктү байкаган.
«Ал мага алыстан түстүү желим баштык сыяктуу көрүндү», – деген автор. Чоң жолдун ортосуна чыгып алган бир жаштардагы баланы жол тескөөчү көтөрүп кеткен.