Ысык-Көлдө айылдык оорукананы оңдоо үчүн 13,5 миллион сом жумшалды

Тоң районунун Кара-Коо айылында оорукананы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусунан билдиришти.

Оорукана 1980-жылдары курулган. Ал 50 орундуу. Бул медициналык мекеме курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Оорукананын абалы начар болуп, дарыгерлер менен бейтаптар үчүн шарттар дээрлик жок болгон. «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду оорукананы оңдоо иштерин 2020-жылдын октябрь айында баштаган. Имараттын чатыры толугу менен оңдолду. Ички желдетүү жана жылытуу иштери жаныртылды. Жаңы эшик-терезелер орнотулду. Иш бөлмөлөрү, бейтаптар жатуучу бөлмөлөр оңдоодон өттү. Оңдоп-түзөөнүн жалпы суммасы 13 миллион 584 миң сомду түздү«, — деп айтылат маалыматта. Жакынкы күндөрү ондоо жумуштары толугу менен аяктайт.