Милиция кызматкерлери Бостери айылынан жоголгон кызды таап, ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Эки сааттык издөө иштеринен кийин Бостери айылында жоголгон 3 жашар кыз милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Милицияга Чүй облусунан келген эс алуучу кайрылган. Анын айтымында, жубайы 3 жашар кызы менен дүкөнгө барып, ал жерден кызын жоготуп, таппай калган. Өздөрүнүн издөөсү натыйжа берген эмес.
Жоголгон кызды тез аранын ичинде табуу үчүн айылдык милиция бөлүмүнүн өздүк курамы тартылган. Кыз табылып, ата-энесине кайтарып берилген.