Ысык-Көлдө 44 жаштагы аялдын сөөгү көл жээгинен табылды

Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагынан 6-апрель күнү аял кишинин сөөгү табылды. Маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, милицияга аталган аймактын тургундары тарабынан белгисиз аялдын сөөгү көл жээкте жатканы боюнча билдирүү түшкөн. Тиешелүү адистер барып, кароо жүргүзүп, жансыз денеден зордук-зомбулуктун издери аныкталган эмес.

Кечээ, 7-апрелде соттук эксперт карап, аялдын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун айткан.

«Ошол жерде жүрөгү кармап жыгылып, суукта жатып калышы өлүмгө алып келген деп болжолдонууда.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет», — деп билдиришти милициядан.

Аталган аял 1977-жылы туулган. Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ал Пристань-Пржевальск аймагына эжесине конокко келген.