Ысык-Көлдө аярлуу катмардагы 2 жаранга жер тилкелери берилди

Прокуратуранын кийлигишүүсү менен Ысык-Көл районунда жашаган социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, ата-энеси жок, камкордуксуз калган балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Аталган категориядагы адамдардын укуктарын коргоо максатында, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Тамчы айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук чара көрүү актысы  киргизилген. Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн айыл өкмөттүн аймагынан жашы жете элек 3 балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 0,12 га жер тилкеси, ошондой эле аз камсыз болгон, жарым жетим болгон жаранга 0,10 га жер тилкеси турак жай куруу үчүн бөлүндү.