Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат

Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Учурда Ысык-Көлгө келген туристтердин агымы күчөп турган мезгилде, Баткен өрүгүн сатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болууда. Мындан улам Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктарды саткан атайын жай ачылууда. Алдыда туристтер үчүн аталган жайда Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.