Ысык-Көлдө Борбор Азия президенттерин тосуп алган кыздардын кийиминин сынга алынышы. Дизайнер үн катты

Кечээ, 21-июлда Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери катышкан. Коомчулук аларды аэропортто боорсок, гүл менен тосуп алган кыздардын кийимин талкууга алды. Айрымдар кыздардын кийимдери өзгөчө экенин айтышып, жарашыктуу экенин жазып чыгышса, ошол эле учурда кыздардын баш кийимин сындагандар да болбой койгон жок. Алар «башындагы селденин эмне кереги бар эле, кыргыздын үкү топусун кийсе болот эле да» деген пикирлерин калтырышкан.

Назира Бегим соцтармактагы баракчасына эмгектин автору экенин жазып, сынга жооп берди. Анын айтымында, долбоордун үстүндө кыргызстандык төрт дизайнер иштеп, стилди өзү тандап алган. «Бул кийимдер төрт дизайнердин кийимдеринин айкалышы. Стилин коюштурган мен жана Ынтымак. Баштагы жоолуктарды ороткон да мен, орогон Ынтымак. Көп кийимдерди изилдеп, өлкө башчыларын тосууда сулуулукту да, улуулукту да, этиканы да, тазалыкты да көрсөткүбүз келди. Эң мыкты жасалган деп билем», — деди ал.

Ал ошондой эле кызыл көйнөктөр Ирина Унсаландын, үстүндөгү чапандар жана көк көйнөктөр Жамиля Стамбекованын, көк көйнөктөрдүн үстүндөгү жүндөн атайы колго жасалган чыптамалар жаш дизайнер Апал Акматбекованын, ал эми кыздардын башына оролгон жоолуктар Азия Инновациялык колледжинин дизайнер студенттеринин эмгектери экенин жазды.

«Эми жаңылык нерсе — албетте, дайым өзгөчө көрүнөт, кээ бирин таң калтырат, кээ бирин суктандырат, кээ бирин чоочутат. Себеби баягы эле бир көрүнүшкө көнүп калышкан. Кээ бири шөкүлө дейт. Шөкүлөнү кыз бала турмушка узаганда киет, элечек, үкү топу мындай иш чараларда тосууда кийүүгө болбойт. Жакшынакай кылып ородук. Бул жоолуктар атайы сайма менен куралган, колго жасалган. Расмий иш-чарага ылайык, сонун. Бир жакшы ой, жакшы тилек менен пикир калтырганды билели», — деп жазды ал.