Ысык-Көлдө да милиция кызматкерлери пакистандыктар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Ысык-Көл районунун милициясы чет элдик жарандар менен алдын алуу иш-чараларын өткөрүшүүдө. Бул  тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ысык-Көл РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракет көрүү кызматынын кызматкерлери Кыргызстан аркылуу транзит менен Бириккен Араб Эмиратына жана Сауд Аравиясына жумушка чыгып жатышкан чет мамлекеттик, анын ичинде Пакистандын жарандары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскертишти. Мындан тышкары, тартип сакчылары аларды мейманканалардан же пансионаттардан муктаждыксыз чыкпоого чакырышты, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, сууга түшүүдөгү коопсуздук чараларын сактоону сунушташты.

Ошондой эле, кандайдыр бир суроолор, же болбосо маселелер жаралса, Ысык-Көл ОИИБнин туристтик милициясынын Call-борборуна кайрылып, керектүү маалыматтарды англис же орус тилдеринде алганга мүмкүнчүлүк бар экендигин маалымдашты.