15-июль күнү Ысык-Көлдөгү Ала-Көл жайлоосунда Орусиядан келген 5 турист — бир үй бүлө эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-жылы туулган кыз дайынсыз жоголгон эле. Аны акыркы жолу Каракол дарыясынын жанынан көрүшкөнү айтылган.
16-июлдан 21-июлга чейин куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес.
Кечээ, 1-августта ӨКМге Ала-Көл жайлоосунда Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган жансыз дене жогоруда аталган кыз экени аныкталган.