Ысык-Көлдө жамгырдан улам арыкка суу батпай мүрзө, үйлөрдү каптады (видео)

Кечээ, 24-августта саат 18:10 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен Шаты айылында кокту колоттордон келген суулар Супатай көчөсүндөгү арыкка батпай 2 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолду каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле Балбай айылында кокту колоттордон келген суулар мүрзөнү каптаган. Тазалоо иштерине ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы, 2 офицер, 3 кызматкер, айыл аймактан 2 адам, №4 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

Тартылган күчтөр жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзгөн. Бүгүн тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.