Ысык-Көлдө жаш кыз көлгө секирип, өз жанын кыюуга аракет кылды

Ысык-Көлдө көлгө секирип, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кызды Балыкчы шаарында милициянын аймактык кызматкери куткарып калууга жетишкен. Милицияга кечээ, 2-февралда жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп, анда көлдүн пирсинде белгисиз кыз сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгын билдирген. Окуя болгон жерге барган Балыкчы ШИИБдин кызматкери Амантур Бакиров барган. Ал кыз менен сүйлөшүүгө аракет кылып, кадамынан баш тартууну суранат. Бирок кыз муздак сууга секирет, кызматкер кыз менен кошо сууга секирип, жээкке алып чыккан. Кыз ооруканага жеткирилген. Учурда кыздын ден соолугуна коркунуч жок жана бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Милиция жарандарга өз өмүрлөрүнө өзгөчө маани менен кам көрүү зарылдыгын эскертти.