Ысык-Көлдө жаш төкмө акындардын айтышы болуп өттү (сүрөт)

Бүгүн, 18-февралда Ысык-Көлдө жаш төкмө акындардын айтышы болуп өттү. Бул тууралуу SUPERTV’нын кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, айтыш «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан төкмө акындарга медиа сабаттуулук боюнча 3 күндүк семинардын алкагында уюштурулган. Калыстар тобунда Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков, журналист Асел Сооронбаева, коомдук ишмер Аймен Касенов, Интерньюс уюмунун өкүлү Назик Черикова болду.

Белгилей кетсек, семинардын башкы максаты медиа сабаттуулукту жарандарга акындар аркылуу жеткирүү болуп саналат. Семинардын жүрүшүндө төкмө акындарды өзүн-өзү өнүктүрүүгө, санариптик коопсуздуктун негиздери боюнча сабак өткөрүлгөн. Ошондой эле төкмө акындарга фейк жаңылыктарга, жалган маалыматтарга кантип каршы турууга болору тууралуу маалымат берилди.