Ысык-Көлдө жер титиреди

Кечээ, 21-июль күнү саат 20:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Ак-Суу районунун Таш-Короо айылында 2,5 баллга, Эңилчек айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.