Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери аттракционго илинип калган эс алуучуга жардам беришти

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери аттракционго парашют менен илинип калган эс алуучуга жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«14 -июль күнү Каракол шаарынан келген 31 жаштагы эс алуучу оор кырдаалга кабылган. Бостери айылынын жээгинде жайгашкан аттракционго моторлуу кайыкка байланган аба парашюту менен бара жатып, илинип калган. Муну көргөн коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери дароо аттракциондун ишин токтотушуп, андан кийин жергиликтүү тургундарга парашют менен илинип калган эс алуучуну аттракциондон алып түшүүгө жардам беришти.

Келген медиктер эс алуучуну карап чыгышты. Бактыга жараша, анын ден соолугуна эч кандай зыян келтирилген эмес. Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө»,- дешти.