Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды.

Mercedes Benz Wito унаасынын ээси мамлекетке 112 миң 400 сом карыз болгон. «Төлөм» порталынан айдоочу жол эрежелерин 2022-жылдан бери көзгө илбей жүргөнүн көрүүгө болот.

Буга чейин жол эрежесин 169 жолу бузган Жигулинин айдоочусу аныкталган.