Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн, 5-апрель саат 18:50гө карата Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 20-24 метрге жеткен шамал катталууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
ӨКМ жарандарды, айдоочуларды сак болууга жана балдарды кароосуз көчөгө чыгаруудан карманууга чакырат. Бак-барактардын, турак жай, мекемелердин чатырынан алыс болуу жана башка сатык чараларын эске алууну эскертебиз! Кандайдыр бир кырсыкка кабылып же күбө болсоңуз «112» биримдиктүү кызматына чалыңыз!