Ысык-Көлдө казино ачуу. Коомчулук каршы болсо, Садыр Жапаров мыйзамга вето коюуга даяр

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө казино ачууну сунуштаган мыйзам долбоору боюнча талкуу уюштурууну сунуштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу өткөрүүнүн максаты — бардык тараптардын пикирлерин эске алуу.

«Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда Президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда вето коюуга даяр», -деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан  маалыматта.