Ысык-Көлдө көлгө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигит куткарылды

Милиция кызматкерлер Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы коомдук коопсуздук камсыздоо кызматы учурунда полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун бөлүмчө командири милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет жана 2-батальондун кызматкери милициянын старшинасы Дуулат Азатов «Алтын Кум» эс алуу жайында 20-июль күнү саат 18:45 чамасында сууга чөгүп бара жаткан 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун куткарып калышкан.

Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.