Ысык-Көлдө кубаты күчтүү ГЭС куруу пландалууда

Ысык-Көл облусуна Сары-Жаз Гидроэлектр станциясынын (ГЭС) каскадын куруу боюнча иштер пландалып жатат. Бул тууралуу гидроэнергетика боюнча конгрессте Улуттук энергохолдингдин төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.

Конгерессте Чоробай Акунов «1100 мегаватт кубаттуулуктагы Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айткан.

Бирок ал сүйлөшүүлөр ким менен кандай шартта жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу так маалымат берген эмес.

Эске салсак, өкмөт аталган Ысык-Көлгө Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу тууралуу 2006-жылы эле айтып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталгандыгын билдиришкен. Бирок кийинчерээк бул иш токтоп калып, кайра 2013-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев өз убагында Кытайды аталган долбоор менен иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын айткан. Бирок Атамбаевдин бийлиги бүткөндөн кийин бул долбоор кайра унутта калган.

Учурда Кыргызстанда эң ири ГЭС болуп Токтогул ГЭСи эсептелинип келет. Анын кубаттуулугу 1200 мегаваттка жетет.