Ысык-Көлдө курулушу 7 жыл мурун башталган мектеп пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коенкозов атындагы мектептин курулушу аяктады жана ал окуу процесси үчүн даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептин курулушу 2014-жылы башталган.

«Долбоор боюнча, жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1413,9 чарчы метрин түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучуга эсептелген. Бүгүнкү күндө объекттин курулушу толугу менен аягына чыкты жана жаңы окуу жылы окуучуларды кабыл алууга даяр»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 49 миллион 400 миң 900 сомду түзөт. Быйыл курулушту бүткөрүү үчүн 21 миллион 400 миң 897 сом бөлүнгөн.