Ысык-Көлдө күн чатырларды коюп иштеген жарандар ижара баасын күнүнө 200 сомдон ашырбайт

Чолпон-Ата, Бостери шаарларындагы жергиликтүү тейлөө кызматын көрсөткөндөр — пляждарды күн чатырлары менен ээлеп алып, эс алуучуларга мажбурлап кымбат баада ижарага берген жагымсыз фактылар катталып жатат. Аларга буга чейин ооз эки эскертүүлөр берилип, туристтерге ыңгайсыздык кылбоо талабы айтылган.

Бүгүн, 27-июлда Ысык-Көл районунун Акими, Чолпон-Ата шаарынын мэри, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд кылып текшерип чыктык. Натыйжада, муниципалдык пляждарда күн чатырларды коюп иштеген жарандар ижара баасын күнүнө 200 сомдон ашырбайт жана көл жээгин ээлеп алып эс алуучуларга мажбурлап таңуулабайт. Жакынкы күндөрү  жергиликтүү бийлик тарабынан тейлөө жана кызмат көрсөтүү боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынып, иретке келтириле турган болду. Мындай аракеттер — Ысык-Көлгө келген туристтерге, меймандарга жагымдуу шарт түзүү максатындагы президентибиздин берген тапшырмасы.