Ысык-Көлдө кыштаганы фламинголор учуп келишти

Ысык-Көлдүн түштүк жээгине кыштаганы фламинголор учуп келишти. Алардын көлдө сүзүп жүрүшкөнүн Мырзабек Өзүбеков сүрөткө тартып алган. Анын айтымында, сүрөттөр 2 күн мурда тартылган.

Кызгылт же карибдик фламинголор жашай турган жерин абдан дыкат тандашат. Алар абдан коркок канаттуулар болушат. Азияда уялап, кышкысын Иран жана Индияга учуп кетишет. Орнитологдордун айтымында, фламинголор Кыргызстанга Казакстандан учуп келишет. Алардын Ысык-Көлдүн жээгинде кыштоосу үчүн жаратылыш шарты ыңгайлуу жана тамагы да бар.