Ысык-Көлдө лицензиясы талапка жооп бербеген 5 автомектепке айып салынды

Ысык-Көл облусунда 5 автомектептерге айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалымдады.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын комиссиясы тарабынан айдоочуларды даярдоо же кайра даярдоо билим мекемелердин лицензияларын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалымат боюнча, облус аймагында 21 автомектеп иштейт, анын ичинен 14 жоопкерчилиги чектелген коомдор, 7 кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайынын базаларында болуп саналат. Текшерүүнүн жүрүшүндө 26 көрсөтмө берилип, ал эми 5 автомектепке 284-берененин 2-бөлүгүнүн негизинде (лицензиялоонун талаптарын бузуу) айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 85 миң сомду түздү.

Эске салсак, лицензия айдоочулук мектептерге чексиз мөөнөткө берилет. Эгерде лицензияда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса (үч айдын ичинде аныкталган кемчиликтер жоюлбаган учурда), лицензиялар кайра чакыртылышы мүмкүн.
Лицензияны жокко чыгарууга атайын педалдар менен жабдылган унаанын жоктугу себеп да болушу мүмкүн. Ошондой эле, автомектепте атайын плакаттар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кушеткалар, жетиштүү педагогикалык кадрлар жана сабактар үчүн керектүү аянтчалар болушу керек.