Ысык-Көлдө «Мен көчмөнмүн» аталышындагы эл аралык туристтик жарманке башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда «Мен көчмөнмүн» деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык «ITF-2021» туристтик көргөзмө-жарманкесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Куттуктоо сөзүндө мамлекет башчысы Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келе жаткандыгын эске салды. Ал аталган иш-чарага катышуучулардын жана кызыккандардын саны жыл сайын өсүп жатканын — учурда коңшу өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин көпчүлүк өкүлдөрү бул аянтча тууралуу көбүрөөк биле баштаганын жана алар ушул иш-чаранын алкагында өз продукцияларынын бет ачарын өткөрүп келе жатканын канааттануу менен белгиледи.

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунан башталган «ITF-2021» эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт — «Issyk-Kul» көргөзмө-жарманкеси, «Кыргызстан — туризмдин өлкөсү» туристтик форуму, Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары.