Ысык-Көлдө милиция кызматкери чөгүп бара жаткан 3 кызды куткарып калды

«Чолпон-Атада милиция кызматкери чөгүп бара жаткан кыздарды куткарып калды» деген видео тараган. 

Ысык-Көл милициясы окуя боюнча маалымат берди.  «1-июль күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы шаардык пляжда милиция кызматкери үч кыздын өмүрүн сактап калды. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери, милициянын старшинасы Сыймык Токтогул уулу кызмат учурунда эрдик көрсөткөн.

Шамал күчөп, көлдө толкун башталган учурда ал көл жээгинде көзөмөл жүргүзүп жүрүп, жардам сурап кыйкырган кыздын үнүн угуп калат. 3 кыз чөгүп бара жатканын байкап, дароо сууга секирет.
Бул факты Ысык-Көл РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүүдө куткарылган кыздар Бишкек шаарынын 2007-жылы туулган тургундары экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.