Ысык-Көлдө милиция кызматкери чөгүп жаткан өспүрүмдөрдү алып чыкты (видео)

Милициянын кенже лейтенанты көлгө чөгүп жаткан өспүрүмдөрдү куткарып калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Жети-Өгүз РИИБдин кызматкери, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын кенже лейтенанты Алишер Турусбеков өзүнө бөлүнгөн Боз-Бешик айылынын пляж аймагында профилактикалык иштерди жүргүзүп жүргөн учурда, көлдөн болжол менен 30-40 метр алыстыкта өспүрүмдөрдүн чөгүп жатканын байкап калган.

Милиция кызматкери дароо аракет жасап, сууга секирип, эки баланы өз күчү менен аман алып чыккан. Калган үч өспүрүмдү ошол учурда эс алып жүргөн жарандар менен биргеликте куткарып калышкан.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган пляжда суу алдындагы кооптуу жар тууралуу эскертүү белгиси жок экени аныкталган. Суунун бир метрдей тереңдиктен күтүүсүз тереңдеп кеткен жери аныкталган. Куткарылган өспүрүмдөр Каракол шаарынын 13–14 жаштагы тургундары болгон. Алар ата-энелери менен эс алууда жүрүшкөн.