Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 17 жаштагы кызды куткарып калышты

Кечээ, 18-июль күнү саат 22:00дө Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө көлдөгү кырсык тууралуу кооптуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургундун ыкчам реакциясы жана эрдиги менен кайгылуу аякташы мүмкүн болгон окуя адам өмүрүн сактап калуу менен аяктады. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу кечиктирилгис кыска мөөнөттө барган учурда, көл жээктен алыс жана дээрлик жашоо белгилери жок адамды байкашкан. Милициянын лейтенанты Адилет Юсупов, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Азамат Асанов, Чоң-Сары-Ой айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, ошондой эле жергиликтүү тургун Алишер Асангулов куткарууга шашылышкан.

Оор шарттарда аркеттенүү менен, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургун чөккөн кызды куткарып жээкке чыгарышкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, райондук тез жардам кызматына кызды өткөрүп беришкен. Өз кезегинде куткарылган кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жана жергиликтүү тургунга ыраазычылык билдиришти. Алар кырсык учурунда көрсөтүлгөн эрктүүлүк жана жан аябастыкты чын жүрөктөн баалашып, кызматкерлердин оор кызматында ийгилик жана жашоосундагы бардык жакшылыктарды каалаарын билдиришти. Жабырлануучу 2007-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну.

Милиция ыкчам куткаруу операциясына катышкандарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Ошону менен бирге бул окуя көлдө жана сууларда коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн жана өзгөчө кырдаалдар учурунда чара көрүүгө даяр болуу зарылдыгын эске салат. Бул окуя иш-аракет кылууга даяр жана бирдиктүү аракет өмүрдү сактап калууга чечкиндүү салым кошо аларын баса белгиледи.