Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери унаасы бузулган казакстандыктарга жардам берди

Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Казакстандын Тараз шаарынын 59 жаштагы тургуну Ахмед Исмаилов Ысык-Көлгө сапарга чыгып, Чолпон-Ата шаарына кире бергенде, унаасы бузулуп калган. Анын жанында, 62 жаштагы жердеши Абдубакир Хивазов да болгон. Унаасын жолдун четине токтотуп, айдоочу досу менен көйгөйдү чечүүгө аракет кылышкан. Бирок көйгөй чечилген эмес. Эс алуучуларды көргөн милиция кызматкерлери дароо токтошуп, өз жардамын сунушташкан.

Эс алуучулардын унаасын карап чыккан милиционерлер автоунаанын газ бөлүштүрүүчү куру иштен чыкканын билишти. Кызматтык автоунаасы менен эс алуучаларды дүкөнгө алып келип, керектүү тетикти сатып алышкан. Андан кийин унаада орун алган кемчиликти четтетип, эс алуучуларды бош орундар бар эс алуу жайына узатып келишти.