Ысык-Көлдө ойноп жатып үйүнөн чыгып кеткен 3 наристе аман-эсен табылды

Кечээ, 26-августта ӨКМ маалымат таратып, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын 4, 5 жана 7 жаштагы кичинекей тургундары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдиришкен.

Бүгүн, 27-августта алардын аман-эсен табылганын билдиришти. Маалыматка караганда, алар Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан табылган.