Ысык-Көлдө ооруканада каза болгон адам эки жылдан бери уу коргошундун кайнатмасын ичип жүргөн

6-майда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 61 жаштагы тургуну оор абалда аймактык ооруканага түшүп, бирок аны сактап калуу мүмкүн болбой калганын кечээ, 8-майда милициядан билдиришкен эле.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, ал залалдуу шишик оорусуна байланыштуу эки жылдан бери уу коргошундун кайнатмасын ичип жүргөн. Бул тууралуу министр журналисттерге билдирген.