Ысык-Көлдө Орусиядан келген 29 жаштагы кыз дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу дарыянын жанында болгон

15-июль күнү Ысык-Көлдөгү Ала-Көл жайлоосунда Орусия Федерациясынан келген бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү эс алып жүрүшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 1992-жылы туулган аял киши дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу Каракол дарыясынын жанында болгон.

16-июль күнү  издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Суу райондук 12 куткаруучу жана Каракол шаардык 5 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары ИИМден 15 кызматкер тартылган. Издөө иштери саат 19:30да убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 17-июль күнү улантылат.