Ысык-Көлдө сабалган бала. Ата-энеси Орусияга көчүп кетүүгө ниеттенип жатат

Ысык-Көлдө сабалган тогуз жаштагы баланын үй-бүлөсү Орусияга көчүп кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу баланын атасы орусиялык «Комсомольская правда» гезитинин журналисти менен болгон маегинде айтты. 

Басылма үй-бүлө мурда Орусия Федерациясына көчүүгө аракет кылганын, бирок документтердеги кыйынчылыктардан улам бул ишке ашпай калганын жазган. «Биз бардык этаптарды басып өттүк, Россиянын консулдук бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугуштук», — деди баланын атасы.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Кийинчерээк окуяны Министрлер кабинетинин төрагасы өз көзөмөлүнө алган.